Текст песни "Алыска"
Bakr & FreeMan996 Lyrics
"Алыска"
Алып кач алыска...
Менин жанымдасың, демек, бүгүн күн кыска
Кунт коюп ук, кайталабайм, айтамын нуска
Колумду бекем карма, жолубуз узак биздин
Көздөрүңдөн тынчтык издейм турганда суусап, болгондо куса
Ишен, бизде баары жакшы болот, Кудай буюрса
Не болсо да болом сенин жаныңда
Cен жөн гана менин сезимдеримди...
Алып кач алыска...
Бирок, суранамын, тийбе намыска
Кубанамын көрүп калсам сени капыстан
Алыс кетип калсам көздөрүңдү сагынам
Сени эстеп зарыгам, өзгөчөсүң баарынан
Мага жагат сенин кулк-мүнөзүң мага таарынган
Табамын айласын барыш үчүн сенин жаныңа
Учуп алты миң чакырым барам сенин шаарыңа
Сен мени күтүп, тосуп ал, кучак жайып
Кечир, мен оңолбоймун, менин жашоом – thug life
Бирок сени менен келечекке үмүт бардай
Бир өзүңдү тандайм, максатымдан тайбайм
Тосуп ал, кучак жайып
Кечир, мен оңолбоймун, менин жашоом – thug life
Бирок сени менен келечекке үмүт бардай
Бир өзүңдү тандайм, максатымдан тайбайм
Өзүмдүкүн бербейм, аны балакеттей эле билесиң го...
Сени жолуктургандан бери эсим ооп
Менин ойлорумда сенин элесиң го
Сенден башка мага бир да жандын кереги жок
Алып кач алыска...
Менин жанымдасың, демек, бүгүн күн кыска
Кунт коюп ук, кайталабайм, айтамын нуска
Колумду бекем карма, жолубуз узак биздин
Көздөрүңдөн тынчтык издейм турганда суусап, болгондо куса
Ишен, бизде баары жакшы болот, Кудай буюрса
Не болсо да болом сенин жаныңда
Cен жөн гана менин сезимдеримди...
Жазгы алма бактай ачыласың – сен
Ырдай берем сен жөнүндө, абадай эле керексиң
Булактай туптунук таза, аруу перимсиң
Сүйүүңдү тартуулап, булутка учура бересиң
Миңдин бири – сен, деңизден дагы тереңсиң
Шамалдай алып качып, улам азгырып келесиң
Сүзүп барат толкундарда биздин сүйүү кемеси
Сырлуу көз карашың "мени сүйөм" дегенсип...
Мойнума аламын, баарына мен жооп берем
Ойготуп кой, мүмкүн болсо, багымдатка таң эртеде
Таң аткыча асмандагы жылдыздарды терет
Сен деп соккон жүрөк шамы өчпөй жана берет
Махабатым айтып бүткүс Ала-Тоодой, аска зоодой
Сени карап моокум канбайт, сенсиз көңүл тойбойт
Атайлап кылчайып, белин ийип, сезимдерди козгой
Айтчы, анан кантип жалгыз бир өзүңдү сүйбөй коём?!
Алып кач алыска...
Менин жанымдасың, демек, бүгүн күн кыска
Кунт коюп ук, кайталабайм, айтамын нуска
Колумду бекем карма, жолубуз узак биздин
Көздөрүңдөн тынчтык издейм турганда суусап, болгондо куса
Ишен, бизде баары жакшы болот, Кудай буюрса
Не болсо да болом сенин жаныңда
Cен жөн гана менин сезимдеримди...
- AZLyrics
- B
- Bakr Lyrics
You May Also Like
Say Mo - "Uaiymdama" Туда-сюда
Обожаю тебя, Алмата
Меня не волнует суета
Порешаем всё, уайымдама
Дым, уайымдама
Лям туда-сюда
Обожаю тебя, Алмата
Меня не волнует суета
Порешаем всё, уайымдама
Дым, уайымдама
Расслабься,...
Quest Pistols Show - "Убью" Бежать, лучше бежать тебе
Лучше бежать, лучше бежать тебе
Лучше бежать, лучше бежать тебе
Лучше бежать, а-а, бежать
Бежать, лучше бежать тебе
Лучше бежать, лучше бежать тебе
Лучше бежать, лучше...
Guf (Гуф) - "Дай Мне Руку" А я думал, что это уже забытое чувство
Сука, почему же я его боюсь так? (А)
Я только-только собрал себя по кускам
Никого ещё так близко не подпускал (А-а)
Пока она в лифте спускалась (Е)
Я внизу...